Өмүрбек Текебаев: «Камчыга эскерттим, Садырга караганда сенин жоопкерчилигиң чоңураак деп»

«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө бул жолку конок өлкөгө белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты Өмүрбек Текебаев болду. Ал азыр Садыр Жапаровго караганда дагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жоопкерчилиги жогору деген пикирде. Эмне үчүн?

«Мен биринчи күнү эскерттим. Камчы, Садырга караганда сенин жоопкерчилигиң чоңураак. Анткени сен ал түрмөдө жатканда партиясын жетектедиң. Түрмөдөн алып келип сен президент кылдың. Ал сага жок дей албайт. Ошол ишенимден ашыкча пайдаланып ийбе дедим»,- дейт «Ата Мекендин» лидери.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүп, өз бааңызды бериңиз.