Өмүрбек Текебаев: «Кийинки жыл — коррупционерлер үчүн бейиш жыл»

"Ата Мекен" лидери учурдагы бийликтин кадамдарын сындады

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө өлкөдөгү салмактуу саясатчылардан тартып заманбап хайпчыларга чейин конок болушууда. Кезектеги конок Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев болду.

Башкы «ата мекенчи» өз маегинде учурдагы бийлик Апрель революциясынан кийин өлкө башына келгендерди жамандоо менен эле алек болуп жатканын, экономикалык багыттагы кадамдары болсо коррупционерлерге ыңгайлуу шарт түзөрүн айтып, сынга алды. Экономикалык амнистия боюнча каралып жаткан мыйзам тууралуу кеп козгогон Текебаев: «Кийинки жылды мен коррупционерлер үчүн бейиш жылы деп атап жатам»,- дейт.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.