Өмүрбек Текебаев: «Конституцияда 30 жылдан бери өзгөрбөгөн баалуулуктар бар»

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганын 30 жылдыгына карата соцтармактагы баракчасында куттуктоо жарыялады.
Кыргыз элинин эң чоң, маанилүү мамлекеттик эки майрамы бар. Бул 31-август — Эгемендүүлүк күнү жана 5-май — Конституция күнү.
«30 жылда тарыхый кырдаалга, саясий конъюнктурага жараша Конституцияга ондон ашык өзгөртүүлөр кирип, бир нече жолу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынды. Бирок Конституцияда 30 жылдан бери өзгөрбөгөн баалуулуктар бар» деген саясатчы ошол баалуулуктарга токтолду.
Канчалык Конституциянын жаңы редакциялары кабыл алынбасын, 5-май Конституция күнү деп таанылып, өзгөрбөй майрамдалып келе жатат. Бул бийликке кийинки келгени мурункуну жокко чыгарып, «тарых менден башталат» деген саясаттан алыс болгондугун билдирет. Биз тарыхыбызды чанбай, тарыхыбызды таанып, аны улантып келе жатабыз. Биздин өнүгүү жолубуз так ушундай болуш керек.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Конституцияда улуттук, мамлекеттик идеологиянын негиздери камтылган.
Биринчиси, биздин мамлекет — Улуттук мамлекет. Ошон үчүн ал «Ала Тоо» республикасы» же «күнөстүү өлкө» деп аталбайт. Кыргызстан деп аталып, мамлекеттик тили кыргыз тили. Мамлекет элдин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт.
Экинчиси, Кыргызстан — эгемен өлкө. Эркиндикти бизге эч ким белекке берген эмес. Анүчүн ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар күрөшүп, өмүрүн аяшкан эмес. Бүгүн биз үчүн да эркиндик, көз карандысыздык ыйык баалуулук.
Үчүнчүсү, Кыргызстан — демократиялык өлкө. Бийлик булагы — эл. Бийлик элге кызмат кылып, ага баш ийиш керек. Мамлекеттик органдар мыйзам уруксат берген нерсени гана жасай алышат, ал эми адамдар мыйзам тыюу салган нерседен башканын баарын жасай алышат.
Төртүнчүсү, Кыргызстан — унитардык мамлекет. Анын мыйзамдары түз жана жалпы территорияда иштейт. Кыргызстанда автономия деген түшүнүк болушу мүмкүн эмес. Кыргыз жери бүтүн жана кол тийгис.
Бешинчиси, Кыргызстан — укуктук мамлекет. Мыйзам алдында баары бирдей. Мамлекет адамдардын тең укуктуулугун камсыз кылат.
Алтынчысы, Кыргызстанда байлыктын булагы — адал эмгек. Менчик кол тийгис, бирок менчик ээсине гана эмес, элге да пайдасы тийиш керек.
Жетинчиси, Кыргызстан — социалдык мамлекет. Өлкөдө балдарды коргоп, колдоп, карыларды сыйлап, кам көрүшөт. Алдуулар, жолу болгондор колдоого муктаж болгондорго жардам беришет.
Сегизинчиси, Кыргызстан — светтик өлкө. Ар бирибиз дин эркиндигине ээбиз. Мамлекет диндин ишине, дин мамлекеттин ишине аралаша албайт.
Тогузунчусу, кыргыз эли ата-бабалардын «табият менен таттуу мамиледе жаша», “билим, илим жана техникалык прогресс өнүгүүнүн булагы” деген улуу осуятын туу туткан эл…