Өмүрбек Текебаев: «Кумтөр» ишинде бийликтин аракетин колдойм»

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» иши улуттук ар-намыс маселеси экенин айтты. Ал мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди.

«Кумтөрдө» акча гана эмес, кеп улуттук ар-намыс, кадыр-барк жөнүндө болуп жатат. Менчик компания келип алып кыргыз мамлекетин, президентин, өкмөтүн 20 жыл жетеледи. Мындан кийин дагы жетелеп жүрө береби же бир күнү токтот деп айта алабызбы? Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок «Кумтөргө» байланыштуу чечкиндүү кадамга барып, улутташтырууга карай багыт алганын колдойм жана коргойм», — деди ал.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштете баштады. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат.