Өмүрбек Текебаев: «Мандатымдын тагдыры белгисиз болуп турганынан фракция лидерлигин өткөрүп бердим»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маек берди. Ал «Ата Мекен» фракциясында акыркы күндөрү болуп өткөн окуяларга токтолуп өттү. «Бишкек шаардык административдик соттун чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы аткарууга ашыкпай эле. Аларда 3 ай убактысы бар. Менимче жакынкы күндөрү БШК бул иш боюнча Жогорку Сотко кайрылат. Учурда мандатым бар депутатмын. Темирлан Ормуковдун дооматы жүйөөсүз. Мен бирөөнүкүн алган жокмун, өзүмдүн мандатымды алдым. Мандаттын тагдыры белгисиз болуп турганынан, кыргыздар айтып коёт го, көзүнүн тирүүсүндө деп, ошентип фракция лидерлигин өткөрүп берүүнү чечтим. Башкага өткөрдү, тиги-бу деген сөздөр жаралбасын деп, буга чейин фракция лидери болуп иштеп келген Айсулуу Мамашевага өткөрүп бердим»,— дейт ал.

4-октябрда «Мекенчил» партиясынын катарында парламенттик шайлоого барган, учурда «Ата Мекенден» Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат «Ата Мекендин» фракция лидери болот деген кептер, ал депутаттын фракциядан чыгарылышы боюнча Өмүрбек Текебаев комментарий берген жок.

Маектин толук версиясы шилтемеде.