Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алууга аракет кылат

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алууну көздөйт. Бул туурасында ал бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өткөн отурумдан кийин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, саясий гана эмес, мыйзам жагынан да реабилитация керек. Ал эми мамлекеттен кенемте алуудан баш тартты.

«Мен мамлекеттин абалы кандай экенин билем, ал акча андан көрө пандемия менен күрөшүүгө жумшалсын. Мен элдин пайдасына моралдык зыян үчүн компенсация алуудан баш тартам», — деди ал.