«Мен буга чейин кийинки президенттик шайлоо боюнча айттым эле. Ал качан болот белгисиз, мыйзам боюнча 5 жылдан кийин өтөт, андан мурун да болуп калышы мүмкүн. Өткөндө ушул сөзүмө карата Камчыбек Ташиев «булардын ою жаман, ою бузуку, эртең чаң-тополоң салат, тонойт» деди. Жок, андай эмес». Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 28-ноябрда добуш берүүдөн чыккан соң билдирди.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кечээ күнү бир талапкер «мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоого даярдангыла, мен талапкерлигимди коём» деп жатат. Көрдүңөрбү, булардын психологиясы бузулган» деген болчу.










