Өмүрбек Текебаев: «Парламенттик шайлоо октябрда өтөт»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, мурдагы төрагасы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маек берди. Ал эгер президенттик башкаруу системине ылайык жаңы Башмыйзам референдум аркылуу кабыл алынса анда парламентке кайра шайлоо эмес, таптакыр жаңы шайлоо өтөрүн билдирди. «Садыр Жапаров айтты, демек келерки аптада жаңы Башмыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түшөт. Учурда 80 депутатка кол койдуруп жүрүшсө керек. Жаңы Башмыйзамды референдум аркылуу кабыл алып, эгер ал өтчү болсо, ага ылайык шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, президенттин кол коюусу жана башка иштер менен жаңы парламенттик шайлоо октябрга барат. Азыртадан айтып койсок болот, кимдин парламенттик шайлоого барам деген амбициясы болсо, саясий күчтөр дагы, октябрга даярданса болот. Жок, өткөнкүдөй шаштырып, күчкө салып өткөрөбүз десе деле бардык процедурадан өткүчө парламенттик шайлоо августка, аптаптын мээ кайнатып турган маалына барат. Андай учрда шайлоо өткөрүү элге да, талапкерлерге да ыңгайлуу эмес»,- дейт Текебаев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.