Өмүрбек Текебаев: «Партия түзүп байыган адамды көргөн жокмун»

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип «партияны саясий бизнеске айлантып алды» деген сындарга карата жооп берди.

«30 жылдык саясаттагы жолумда 5 президент алмашты. Эгер мен өзүмдүн кызыкчылыгымды ойлоп бизнес кылгым келсе элге окшоп супермаркеттерди салып, же ар бир облуска бирден май куючу станцияларды, АЗСтерди куруп койбойт белем?  Партия чыгымды талап кыла турган иш. Партия түзүп байыган адамды көргөн жокмун. Оппозициялык партиянын лидери болуу андан да кыйын иш. Ал үчүн жеке кадыр-баркың болушу керек. Оппозициялык фракциянын лидери болсоң депутаттар сенден бийликке качып өтүп кеткиси келет. Баары деп айтпайын, бирок оппозициялык фракциялардагы депутаттардын айрымдары кичине эле шылтоо болсо президент тарапка жылт койгону чемоданын даярдап турушат»,- дейт Текебаев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.