Өмүрбек Текебаев прокуратуранын позициясы аны таң калтырганын билдирди

Прокурорлордун айыптоону колдоодон баш тартуусу парламенттин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу саясатчы 24.kg агенттигине билдирди.

Текебаевдин айтымында, мамлекеттик айыптоочулар кылмыш иштин көп учурлары далилденген эмес деп эсептешет.

«Биз прокуратуранын репрессиялык мүнөздө иштегенине көнүп калганбыз да, ошол себептен айыптоодон баш тартуусу өтө күтүүсүз болду. Адатта алар күнөөсүз экениң боюнча далилдериң жана аргументиң турса да, жаза берүүнү суранышат. Бүгүнкүдөй көрүнүш ушул менен токтоп калбайт деген үмүтүм бар. Айыптоодон баш тартуу — соттук процесске катышып жаткан прокурорлордун позициясы деген ойдон алысмын. Бул жерде жалпысынан прокуратура органдарынын ишинде кандайдыр бир тенденция байкалды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев көзөмөл органында оң өзгөрүүлөрдү жасоого аракет кылып жатат», — деди Өмүрбек Текебаев.