Өмүрбек Текебаев: «Шыкмаматовдун кетишинин чыныгы себебин билбейм»

«Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетишинин чыныгы «мотивин», себебин ушул күнгө чейин билбейм. Аны убакыт көрсөтөт»,- дейт Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекендин» лидери «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып буга чейин аталган партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясында лидер болуп келген, партиянын көп жылдык өкүлү Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан эмне үчүн кеткенинин чыныгы себебин дале биле электигин айтты.

Ошондой эле башкы «ата мекенчи» өзүнүн оппозициялык тагдырына токтолуп, «парламентте боломбу, көчөдө боломбу, түрмөдө боломбу айырмасы жок, мен жеке бийликке каршы күрөшүмдү уланта берем»,- деп билдирди. Ал саясий лидерди мугалим деп айтууга болорун, кыргыздын бир топ жаштарына үлгү болуп жатканын, өз ишинин жыйынтыгына ыраазы экендигин баса белгиледи.

Маектин толук версиясы шилтемеде.