Өмүрбек Текебаев: «Туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кайра шайлоо керек»

Элдин колдоосунда болгон партиялар депутаттыкка өтпөй калды. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону жарыялаш керек. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Албетте, бул көп акчаны талап кылат, бирок бул туруктуулукту камсыз кылуу үчүн керек. Ал эми буга күнөөлүүлөр жазасын алышы кажет. Нааразычылык жаратканга шек болбошу зарыл. Жыйынтык коомчулук күткөндөй болгон жок. Кийинкиси жакшы өтсө, ким эмне демек эле», — деди ал.

Ал шайлоо жүрүп жатканда мыйзам бузуулар болгону айтылып жатканын да айтты. «Эми мунун баарын Жапаров жасады дегенден алыспыз. Өзүңөр көргөндөй, сервер добуштун жарымын алып коюп жатпайбы», — деди ал.