Текебаев: «Түркиянын атайын кызматынын Кыргыз жаранын уурдап кеткендиги — мамлекеттин кызыкчылыгына кол салганга тете»

Кечээ, 5-июль күнү өкмөттүк жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын ийгиликтүү атайын операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын аймагына алып келинди» деп жарыялады. Орхан Инанды — Кыргыз жараны. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз. Бул тууралуу мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандын суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени Кыргызстандын жарандарынан Кыргыз эли түптөлөт. «Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жарандарын чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар. Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын жаранын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип, сатылбаш керек», — жеп жазды ал.

Мындан тышкары экс-депутат бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен тиешелүү баа берилиши керек деп эсептейт. «Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел! Эртең ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек«, — деп жазды ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.