Өмүрбек Текебаев: «Түрмөгө кайра баргым келбейт»

«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев «түрмөгө кайра баргым келбейт» деген оюн билдирди.

«Көп киши айтат, аялым айтат, сот ишиң бүтө элек, эртең кайра соттоп жибербейби, абайлачы деп. Мен деле ойлоном. Чынын айтайын, кайра түрмөгө баргым келбейт. Мен коркпойм, бирок кайра баргым келбейт… Бирок мен партия төрагасы катары, Жогорку Кеңештин депутаты катары бийликтин кемчиликтерин, каталарын айтпай коё албайм»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.