«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Алардын жазган маалыматтары боюнча, жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда кол койгон жана расмий билдирүү түштөн кийин таратылары да айтылды. Бирок президенттик аппарат бул боюнча маалымат бере элек.