Өмүрбек Текебаевге кол салгандар кечирим сурашты (видео)

Өмүрбек Текебаевге кол салгандар кечирим суроого келишкенин «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү маалымдашты. Саясатчыга кол салууга катышкан Токмок шаардык кеңештин депутаттары аксакалдардын коштоосунда келип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашкан. Алардын бири Кайрат Чокеев эч кандай жаман ниети жок экенин билдирген.

Мындан тышкары, саясатчыдан тоноого шектелип кармалган Ыбыш Эшпаевди кечирүүнү суранышты.  Өмүрбек Текебаев кылмышкерлерди кечирип, алардын бирине да, анын ичинде камактагы адамга доосу жок экенин билдирген. Бирок саясатчы бул кол салуу пландалган деп ойлойт. «Эгер аларды Кылмыш-жаза кодексине ылайык жазага тартпасаңыз, анда уюштуруучуларга саясий баа берилиши керек. Эгерде бул адамдар кандайдыр бир кызматта болсо, анда алар ээлеген кызматтарынан алынышы керек», — деди ал.