«Өмүрүн тобокелге салды». Депутат Ташиевдин эрдиги тууралуу айтып берди

Элибиз кан жутуп, Садыр Жапаров эл менен чогуу кайгырып, Камчыбек Ташиев жоокерлерибиз менен ок кечип жүргөн убакта кээ бир бийликке жетпей калган саясатчылар арам ойлорун ишке ашырууга аракет жасады. Бул тууралуу жыйында депутат Айбек Маткеримов айтты.

«Мен убакыттан пайдаланып, Ташиевдин эрдиги, баатырдык мүнөзү бонюнча айта кетейин. Баатыр наамы бирилгенде кээ бир сын айткан саясатчылар каргашалуу күндөрү башын катып, чээнде жатты. Абал турукташканда чыга башташты. Бирок Ташиев алардан өзгөчөлөнүп, жоокерлер менен кан майданда тынчтык үчүн чогуу жүрдү. Жоокерлер «генералдын биз менен чогуу жүргөнү бизге күч, дух берди, биз ошол күч менен душман мизин кайтардык» дешет. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн өз өмүрүн тобокелге салды. Чечкиндүү кадамдарды жасады. Душман жерине барып, барымтадагы 4 жоокерди алып келди», — деди ал.