Оң рулдуу унааларды алып кирүүнү демилгелеп жаткан депутат 60 миң долларлык Гелендваген айдайт

Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп жатат. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратууда. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул сунушка каршылыгын билдиргени маалым.

SUPERTV бул боюнча депутаттардын оюн угуп, эл өкүлдөрү кандай унаа айдайт жана баасы канча экенине кызыгып көрдүк.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Маматалиев буларга токтолду. «Бул чектөө 2015-жылы киргизилген. Анын алкагында 2 маселе коюлган. Анын биринчиси жол кырсыгы, экинчиси ЕАЭБдин алкагында. Кырсык боюнча, акыркы 7 жылдын статистикасын карап көрдүм. Сол рулдуу унаалар көп кырсыкка кабылыптыр», — деди ал.

Ал мындан тышкары, жеке ишкерлик кылып жүргөн кезинде, 2016-жылы Гелендваген алганын, баасы ошол учурда 60 миң доллар экенин, азыр баасы бир аз түшүп калганын айтты.