«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кабарлады.
БШКдан билдиришкендей, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды жана алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катышууга 75 партиядан билдирме түшкөн.











