Ооганстандагы абал. Кыргызстан ЖККУнун алкагында иш алып барат

Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чалгындоо иштерин күчөтүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү тышкы коркунучтарга даярданып жатышат.

«Ооганстандан келген качкындар жакын арада биздин аймакка жетиши мүмкүн. Америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетишинин фонунда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери күч алууда. Эгерде Тажикстан өз чек араларын коргоого жардам сураса, анда Кыргызстан ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенет, анткени маселе бизге да тиешелүү», — деди Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы буга чейин Борбор Азиядан Сирия жана Ирактагы куралдуу кагылышууларга катышкан жарандар өз мекенине кайтып келе жаткандыгын кошумчалады.