Опера жана балет театрындагы чыр. Депутат театрдын каржылык бөлүгүн текшерүүнү сунуштады

Эсептөө палатасы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын каржылык бөлүгүн текшерип чыгышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кечээ чыккан чырда чындык кыргыз артисттери тарапта. Эл өкүлү коммерциялык спектаклге билеттер 2-3 эсе кымбат сатылганына карабай, артисттерге бул үчүн эч нерсе төлөнбөй турганын белгиледи.

Бул көрүнүш жылдап созулуп келатат. Труппанын орточо маянасы — 100 доллар. Коммерциялык спектаклдерден түшкөн каражат кайда кетип жатат? Кечээги чатак – артисттердин бул көйгөйгө өлкө жетекчилигинин, Маданият министрлигинин көңүлүн бурдуруу жандалбасы. Бул маселени Жогорку Кеңеште карайбыз, Эсеп палатасы жана башка тийиштүү органдар театрдын акча жагын текшерип чыгышы керек”, — дейт депутат.