Орхан Инандынын жоголушу. Депутат Жанар Акаев УКМКга нааразычылыгын билдирди

Милициянын аракети бар, ошол эле убакта УКМК ушул боюнча, Түркиядагы маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Бир түрк жолголсо эмне болуптур деген» айрым адамдардын комментарийлери бар экен. Бул — түркөйлүк. Кыргыз жараны болгондон кийин улутуна, динине, расасына карабай, Кыргыз жараны катары, өзгөчө мугалимдин жоголгону Кыргызстандын имиджине абдан чоң сокку болду. БУУ баштаган эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип жатышат. Дагы инвесторлорду чакырып коёбуз, бардык жеке ишкерлери камап жатасыңар. Мугалим жоголсо, таба албай жатасыңар. Кыргызстанга түзүгүрөөк киши келбейт. Бандиттик режим деген түшүнүк пайда болот. Ошондуктан буга олуттуу карашыбыз керек», — деди ал.