Орозайым Нарматова: «Атамды эле эмес, таежемди да суракка чакырышты»

«Атамды эле эмес, таежемди да суракка чакырышты». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«УКМКга суракка чакыруу декабрь айынын аягында келген. Анда Жогорку Кеңеште жаңы эле ишмердүүлүк башталып жаткан, ошон үчүн убакыттын тардыгынан улам жактоочума жолуккула дегем. Кийин эс алуу күндөрү болуп калды. Жумушка чыккан соң дагы чакыруу келди. УКМКга барганга дейре эмне иш боюнча экенин билген жокмун. Эми ишке келсек, бул Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмес, мага эле багытталган иш. Атам да ушул иштин алкагында суракка кирип чыкты. Атүгүл жолдошу өтүп кетип, аза күтүп жаткан таежем да суракка барды», — деди Орозайым Нарматова.

14-январда депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Кийин аталган комитеттен Нарматованын ЖОЖго кабыл алынуусу мыйзамсыз болгон деген маалымат таратышкан.