Орозайым Нарматова БШКнын чечиминин үстүнөн сотко доо арыз жазбай турган болду

Орозайым Нарматова сотко доо арыз жазбай турган болду. Бул тууралуу ал анын депутаттык мандатын жокко чыгарганы тууралуу Боршайкомдун чечими боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Нарматованын айтымында, ал соттун адилет чечим чыгара тургандыгына, бейтарап болоруна ишенбейт. «Алар дипломумду мыйзамсыз жокко чыгарышып, мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок мен унчукпай отуруп калбайм. Депутат болбосом деле, мындан ары да жарандык позициямды ачык-айкын билдирип, мыйзамсыздыкка жана өзүм билемдикке каршы күрөшүмдү улантам», — дейт ал.

Кечээ, 20-январда БШК Орозайым Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарган чечим кабыл алды. Ал ага чейин УКМКга дипломуна байланыштуу суракка кирип чыккан эле.