Орозайым Нарматова Оштон Бишкекке жеткирилишинин себептери жана аны кармоого ким буйрук бергенин айтты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Kaktus.media сайтына Оштон Бишкекке жеткирилишинин себептери жана аны кармоого ким буйрук бергени тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ал Ош аэропортуна келгенде эле дароо милиция кармап кеткен.

«Мага бул Боромбаевдин чечими экенин айтып, Бишкекке келгенде кайра коё беришти. Мени күбө катары суракка алганда ал кырдаалга баа берип жооп бере албадым. Анткени байкемдин жаназасы болуп үч күн уктабай, жаман абалда жүргөм», — деди Орозайым Нарматова.

Ал тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койгондуктан, кармалышынын себеби тууралуу толук маалымат бере албасын белгиледи. «Негизи алар көп деле суракка алган жок. Өзүмдүн өмүр баянымды жана Москвада эмне жумуш кылганым тууралуу гана айтып бердим», — деди ал.

Мындан тышкары, эмне үчүн ИИМдин имаратына аны колдоп келген адамдардын алдына чыга албаганын айтты. «Алар мени кошумча эшиктен (черный выход) алып чыгып, аэропортко өздөрү жеткиришти. Эртең менен учуп кеттим. Менимче, алар менин эл менен жолугушуумду каалашкан жок. Алар менин бат учуп кетишим үчүн шашып жатышты. Телефонумдун сурактан кийин карматышты. Жакында Бишкекке барам, ал иштин алкагында эмес, жеке маселелер боюнча. Азыр эмне болуп жатканын билбейм. Менин ишим жабылды окшойт. Аны адвокаттан сурашыбыз керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Орозайым Нарматова.

10-сентябрда Оштогу аэропортто «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова милиция тарабынан кармалган. Анын унаа менен Оштон Бишкекке жеткирилгени маалым болгон. Кийинчерээк ИИМ ага «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле түнү ал сурак берип, бошотулган.