Орозайым Нарматованын ордуна депутат болуп келген Айгүл Айдарова ант берди

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутат Айдарова Айгүл Абдисаламовнанын ант берүү аземи өттү. Ал диплом чуусунан улам депутаттык мандаты жокко чыгарылган Орозайым Нарматованын ордуна келди.