Орозо айтта мал союуга бийлик тыюу салдыбы? Президенттин маалымат катчысынын жообу

Орозо айтта мал союуга бийлик тыюу салдыбы? Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты.

«Мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — деп жазылат маалымат катчынын билдирүүсүндө.