«Орточо эсеп менен 455 сомго көп». Октябрдан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт

Президент Садыр Жапаров «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында, Министрлер кабинетине «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзүүнү тапшырды.

Социалдык фонддун алдын ала жүргүзгөн эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2021-жылдын 1-октябрына карата 715,5 миң адамды түзөт. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча орточо эмгек акы 2020-жылы 18 940 сомду түздү же 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата 110 пайызга өскөн. Ушуга байланыштуу, пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө 110 пайызга индексациялоо сунушталууда. Ошону менен бирге пенсиянын базалык бөлүгү эгерде пенсиянын жалпы суммасы Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 4785,4 сомду түзгөн өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо индексацияланат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8 пайызга жогору же 455 сомду түзөт. Жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого керектөөлөр 2021-жылдын 1-октябрынан баштап республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 154,3 миллион сомду түзөт. 2021-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга чыгымдар Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 830,6 миллон сом керектелет.