Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактарда тараган Жетим-Тоонун айланасындагы суроолорго жооп берди.
Анын айтымында, соцтармакта “Бийлик Кытайга болгон карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур” деген калп, элди козутууга максатталган чагымчыл чакырыктар жарыяланууда.
«Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулар да жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени — Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат», – деди ал.
Орунбеков жалган маалыматтар менен элди козутуп, атайын чагымчыл жасоо аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.