Орунтаев Асанбековго: «Мен кетемби же жокпу сиз чечпейсиз. Бул менин жеке чечимим болот»

“3 миллион сомду кайдан алып төлөп бересиз? Азыр вице-мэрликке дагы татыбайсыз го, ушунча ызы-чуу болгондон кийин кызматтан кетесизби?” деди вице-мэр Нурдан Орунтаевге Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков.

«Тергөө органдарынын чечимине эч кимдин комментарий бергенге укугу жок. Кетемби же кетпейминби муну сиз чечпейсиз. Өзүм чечем. Бул менин жеке чечимим болот. Эгер менин чечимим болсо, аны биринчи угасыз», — деди вице-мэр.

Депутат 3 миллион сом боюнча комментарий берүүнү суранды. Вице-мэр комментарий бербей турганын айтты.