Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна Азиз Аалиев төрага болуп кайрадан дайындалды

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Мамытов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өкмөт башчы башка буйругу менен Азиз Аалиевди аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы кылып дайындады. Белгилей кетсек, Азиз Аалиев 2020-жылдын февраль айынан октябрга чейин орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген болчу.