Орусия Бишкек жана Ош шаарларына бир катар мектептерди куруп бериши мүмкүн

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашышкан. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Орусиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Орусия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди. Ал Орусия Федерациясына болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн өкмөтүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул багытта маселени иштеп чыгуу боюнча буйрук берилгенин кошумчалады.

Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады. Сергей Кравцов ошондой эле билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда улуттук компонентти — улуттук тилди, өлкө тарыхын жана каада-салтын эске алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады. Бул багытта тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Сергей Кравцов Кыргызстандын айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи. Мындан тышкары, Орусиянын агартуу министри президент Садыр Жапаровго эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.