Орусия жакын арада Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр

Биринчи вице-премьер Артем Новиков Москвада Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөттөр аралык кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушту.

Анда президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралда Орусияга сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралды. Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу өлкө орусиялык вакцинаны вакцинациялоо программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Орусия тарап жакын арада кыргызстандыктар үчүн «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Орусия аймагындагы кыргыз мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Орусиянын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселесин талкуулады. Орусия тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Орусиянын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.