Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Анын билдирүүсү чет элдик басылмаларга жарыяланды.
Анда Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануу менен байкоо салып турганын билдирген.
«Тилекке каршы, куралдуу жаңжалда мерт кеткендер бар. Эки тараптан тең бир канча адам жаракат алды. Азыркы учурда абал турукташты, бирок чыңалуу дале сакталууда. 30-апрелге караган түнү тараптардын кагылышты токтотуп, чыңалган абалды сүйлөшүү жолуна салып, аскерлер жана техниканы чыгаруу боюнча келишимин кубаттайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле эки тарапты мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырып, Орусия кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.