Орусиялык басылмалар Садыр Жапаровдун Донбасстын элин коргоо боюнча Орусиянын аракеттерин колдой турганын жазышты

Орусиялык басылмалар президент Садыр Жапаровдун Донбасстын элин коргоо боюнча Орусиянын аракеттерин колдой турганын жазышты.


Бүгүн, 26-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттин маалымат кызматынан билдиришкен. Бирок таратылган расмий маалыматта орусиялык басылмалар жазып чыккан Садыр Жапаровдун позициясы камтылган эмес.