Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө каржылык жардам көрсөтүүсү этап-этабы менен башталышы макулдашылды

Бүгүн, 14-ноябрда Москва шаарында биринчи вице-премьер Артем Новиков Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашты. Артем Новиков парламенттик шайлоодон кийин ички саясий кырдаалды турукташтыруудагы Орусиянын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу форматтагы жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Орусия тарабынан Кыргыз Республикасына каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылды.