Орусиянын өкмөт башчысы менен Акылбек Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын өкмөт башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта алардын соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда орус-кыргыз кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашканы айтылат. «Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту», — деп айтылат маалыматта. 

Бул маалымат кечээ, 11-июлда Орусиянын өкмөт башчысынын расмий сайтына жарыяланган, бирок Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы расмий сайтка телефон сүйлөшүү тууралуу маалымат жарыялаган жок. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча маалымат кызмат менен байланышканда, тактап берүүнү убадалашты.