Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудайды алып чыгууга киргизген тыюусун алып салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
«Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салды. Алар: үрөндүк буудай жана меслин үчүн, үрөндүк кара буудай жана арпанын үрөнү, жүгөрү үрөнү. 2022-жылдын 14-мартында Орусиянын өкмөтү “ички азык-түлүк рыногун тышкы чектөөлөрдүн шартында коргоо үчүн” 30-июнга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого убактылуу тыюу салган», — деп жазылат маалыматта.