Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудайды алып чыгууга киргизген тыюусун алып салды

Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудайды алып чыгууга киргизген тыюусун алып салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

«Орусиянын өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салды. Алар: үрөндүк буудай жана меслин үчүн, үрөндүк кара буудай жана арпанын үрөнү, жүгөрү үрөнү. 2022-жылдын 14-мартында Орусиянын өкмөтү “ички азык-түлүк рыногун тышкы чектөөлөрдүн шартында коргоо үчүн” 30-июнга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого убактылуу тыюу салган», — деп жазылат маалыматта.