Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келди (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Орусиянын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле эртең, 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.