Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү. Тизме

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 12-сентябрда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түздү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Токтом «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык кабыл алынган. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган төмөнкү адамдардан түзүлдү:

Аты-жөнү Көрсөткөн субъект
1 Абдраимов Бексултан Тыныбекович «Биримдик Элдик Кыргызстан» саясий партиясы
2 Примкулов Таалайбек Сыргабаевич  «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы
3 Алматов Бакытбек Камилжанович «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы
4 Исаков Элдияр Болотович  «Тилектештик» саясий партиясы
5 Карыбеков Бактыбек Ыбышович Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
6 Ысмаилова Зуура Абжапаровна Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
7 Баймуратов Нургазы Исмаилович Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
8 Бердибекова Күлийпа Турдибековна Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
9 Жабаркулова Нигора Нематжановна Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
10 Мизанов Нурсултан Идрисович Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
11 Раимова Нуржамал Сайпидиновна Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
12 Ашимов Кутман Нурланбекович Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы

Оштун мурдагы АШКсы аялдарды партиялык тизмеден массалык түрдө чыгаруу боюнча мыйзам бузууларынан улам Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан таратылган эле. 26-августта «Биздин Кыргызстан» партиясы шаардык кеңешке 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин, алардын 31и аялды тизмеден чыгарып жатканы белгилүү болгон. Аталган эки партиядан 6 депутат мандаттан баш тартканы, алардын бешөө аял экени да айтылган. 9-сентябрда Борборбук шайлоо комиссиясы Ошто аял депутаттарды тизмеден массалык түрдө чыгаруу боюнча аймактык комиссиянын чечимдерин жокко чыгарган.