Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулду

Президенттин 1-ноябрдагы «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбагандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.