Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаардык мэриянын Фейсбуктагы расмий баракчасынан мурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовдун үгүт видеосу «Ош Пресс Клуб» тайпасына бөлүшүлдү. Видеодо экс-мэрдин эл менен жолугушуу өткөргөн үгүт иш-чарасы чагылдырылган.
Видео боюнча Ош мэриясы маалымат таратып, расмий баракчага кимдердин кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтышты.
«Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана мэриянын азыркы учурдагы аппараты шайлоого даярдык иштери башталгандан тартып президент Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурсту колдонууга кескин бөгөт коюу боюнча талаптарына ылайык, чараларды көрүп келе жатат. Буга чейин бир нече жолу жыйындар өтүп, кызмат адамдарына катуу эскертүүлөр берилип келген. Жетекчилердин шайлоого аралашып кетүү ыктымалдуулугунун алдын ала чаралары көрүлгөн. Ош шаардык мэриясы эч кандай кайсы бир талапкердин пайдасына иш алып барбайт. Шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүнү гана максат кылат.
Талапкер Сарыбашовдун видео кайрылуусун Ош шаардык мэриясынын расмий баракчасына Ош мэриясын коомчулук менен байланыш кызматы бөлүшкөн эмес. Коомчулук менен байланыш кызматынын мурунку кызматкерлери Азамат Абсатаров менен Замира Ниязбековада баракчага кирүү мүмкүндүктөрү кол телефондорунда сакталып калган. Бөлүшүү ошол тараптан болгон. Тактап айтканда, талапкердин шайлоо штабында иштеп жаткан, коомчулук менен байланыш кызматынын мурунку жетекчиси Азамат Абсатаров тарабынан кокусунан бөлүшүлгөн. Себеби анын кол телефонунда мэриянын расмий баракчасынын администраторлугу сакталып калган. Администраторлуктан ушул күнгө чейин баш тарткан эмес. Бул иш боюнча аймактык шайлоо комиссиясы, шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө башталды. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов күнөөлүү жактарга, кызмат адамдарына чара көрүү боюнча тапшырма берди», — деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...
Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...
Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....