Ош ОИИБнин башчысы алмашты. Малик Нурдиновдун ордуна милдетин аткаруучу болуп Жеӊиш Абидов келди

Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны бүгүн, 26-декабрда облустук милициянын жамаатына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Жеңиш Абидов буга чейин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүн, Чүй облусунун Панфилов райондук милициясын жетектеген кызматтарда иштеген.

Ал эми мурдагы жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Ал Ош ОИИБине жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон. Малик Нурдиновго мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 16-ноябрь күнү генерал-майор наамын ыйгарган.