Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6-сентябрда ал Ош шаарынын мэриясынын аппаратына тааныштырылды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.
![](https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/09/241497661_3055894451289762_9144359275655370961_n.jpg)
Ош шаарынын мэринин кол койгон дагы бир буйругуна ылайык, Жунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Сонунбек Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт. Буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп Топчубаев Асылбек Аманович иштеп келген.
![](https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/09/241315743_3055895157956358_5695431111350937592_n.jpg)