Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6-сентябрда ал Ош шаарынын мэриясынын аппаратына тааныштырылды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Марс Исаев

Ош шаарынын мэринин кол койгон дагы бир буйругуна ылайык, Жунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Сонунбек Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт. Буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп Топчубаев Асылбек Аманович иштеп келген.

Сонунбек Жунусбаев