Ош мэриясынын кызматкерлери «Ата Журт-Кыргызстан» партиясына үгүттөп жатышат деген арыз түштү

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын үстүнөн дагы бир арыз келип түштү.

Арызда WhatsApp мессенжери аркылуу Ош мэриясынын муниципалдык бөлүмүнүн жетекчилеринин бири кварталдык комитеттердин төрагаларына шилтеме берип, аталган партия уюштуруп жаткан «Ата Журт-Кыргызстан» партиясы жөнүндө видео-ролик тартууга катышуу үчүн мэриянын ар бир комитетинен 10дон кызматкер келишин камсыз кылуу тапшырмасы берилгени айтылат.

Ошондой эле арыз ээси муниципалитеттин административдик ресурстарды кварталдык комитеттеринин төрагалары, башка мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери колдонуусунун натыйжасында Ош шаарынын борбордук аянтына 500 адам «Ата Журт-Кыргызстанды» колдоп чогулгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, жалпысынан буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуулар жөнүндө 31 билдирүү келип түшкөнү айтылган болчу.