Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды

Бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңештин депутаттары Ош шаарынын мэрин шайлашты. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Анын талапкерлигин 43 депутат колдоду.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганга чейин президенттин иш башкаруучусу кызматын ээлеген.