Ош мэри Улуу Британиянын элчисинен билим берүү тармагын колдоону суранды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретта менен жолугушту. Жолугушууда бизнес, билим берүү тармагындагы кызматташуулар, долбоорлор тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.

“Биз билим берүү тармагына колдоо сурайт элек. Билим берүү тармагын көтөрүү максатында тажрыйба алмашууларда өткөрүлсө жакшы болмок. Биздин жаштар Улуу Британиядан билим алуусуна шарт түзсөк деген максаттарыбыз бар. Улуу Британия менен ар түрдүү тармакта кызматташуу Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаары үчүн абдан маанилүү. Эртеңки бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун ачылышы да бизди кубандырат. Аталган борбор шаарыбыздагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө зор салымын кошот деп ишенем”, — деди мэр.

Элчи мырза айтылган маселелер боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.