Ош мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон буйрукка ылайык, Нурбек Кадыров Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Азат Кубатбек уулу Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.